Соода борбордун алдында мушташкан балдар изделүүдө

Бишкектеги соода борбордун алдында мушташкан балдарды издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-июлга караган түнү саат 03:20 чамасында 102 кызматына соода борборлордун биринин жанында белгисиз адамдар мушташып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге дароо чыгып эч кимди тапкан эмес.

Бул факты Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгында катталып, текшерүү иштери башталган.

Учурда шектүүлөрдүн жүргөн жерин тактоо жана кармоо боюнча издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда топ балдар бир жигитти тепкиге алган видео тараган. Анда беш бала эки кыздын көзүнчө бир жигитти аёосуз сабап жатышкандыгын көрүүгө болот.