Бишкекте №1 төрөт үйү бир айга жабылды

Бишкекте №1 төрөт үйү бир айга жабылды. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты.

roddom 1536x1023 1 Бишкекте №1 төрөт үйү бир айга жабылды

Маалыматка ылайык, министрликтин буйругу менен төрөт үйү 18-июлдан 18-августка чейин оңдоо иштерине жабылды.

Төрөт үйү оңдолуп бүткөнчө кош бойлуулар шаардагы башка медициналык жайларга жөнөтүлөт. Ал үчүн атайын нөөмөт графиги түзүлгөн.