Сүлүктү шаарында газ чыгып, көмүр шахталары тазаланды

Баткендин Сүлүктү шаарында газ чыгып, жумушчулардын өмүрүнө коркунуч жараткан көмүр шахталары тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шаардагы эки шахтада газ чыгып жатканы тууралуу кабар түшкөн. Куткаруучулар аталган жайларга атайын тосмо орнотуп, газдан тазалашты.

Жабыркагандар жок.