Депутаттар жарым жылда 41 мыйзам, 276 токтом кабыл алган

Жогорку Кеңештин биринчи сессиясындагы (2021-жылдын декабрь – 2022-жылдын июнь) ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат жарыяланды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, документте парламенттин, фракциялардын, депутаттык топтордун, комитеттердин, ошондой эле убактылуу депутаттык комиссиялардын иши, мыйзам долбоорлорунун кыймылы жөнүндө, Жогорку Кеңештин өкүлчүлүк жана контролдоо функцияларын аткаруу боюнча жана башка тиешелүү маалыматтар камтылган.

Жогорку Кеңеш сессиялык мезгилде 33 пленардык жыйын өткөргөн. VII чакырылыш биринчи сессиясында 41 мыйзам, 276 токтом кабыл алган.

Башкы прокурордун, Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын төрагаларынын ар жылдык отчетторун, Акыйкатчынын жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук Борбордун директорунун баяндамаларын укту.

Жарандардын 7628 кайрылууларын карады, шайлоочулар менен 6000ден ашуун жолугушуу, 10 парламенттик угуу, конференцияларды, тегерек үстөлдөрдү жана парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында 33 жолугушуу өткөрдү.

Белгилей кетсек, депутаттар эки айлык эс алууга таркашкан.