Люкту баласына жел тийип калбаш үчүн жапкан адам сурак берүүдө

Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштери билдиргендей, 9-июлда 154-маршруттук каттамында жүргүнчү аялга люкка байланыштуу кол көтөргөн. Жабырлануучу ага карата арыз жазды.

Факт катталып, ага тийиштүү медэкспертиза дайындалды.

Эске салсак, 10-июлда милиционерлер маршрутканын айдоочусун суракка алышкан. Ушул эле күнү жүргүнчұгө кол көтөргөн жаран кармалып, сурак берген.

Анын айтуусунда ошол күнү маршруткада люкту баласына жел тийип калбаш үчүн жапкан, анын баласына карабай башка жүргүнчү люктун ачылуусун каалаган.

Бирок ортодо пикир келишпестиктин айынан, конфликт кол көтөргөнгө чейин уланган.

Аталган ишти Октябрь району териштирүүдө.