Жалал-Абадда тамакка уулануу боюнча экинчи учур катталды

Жалал-Абад шаарында бир жума ичинде тамакка уулануу боюнча экинчи учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

oorukana 1 Жалал-Абадда тамакка уулануу боюнча экинчи учур катталды

Маалыматка ылайык, ооруканага 13 адам кайрылган. Учурда алардын сегизи амбулатордук дарыланууда, 5 ооруканада.

Эскерте кетсек, буга чейин “Ага-ини” тез татым жайынан 28 адам тамак-ашка ууланып, ооруканага жаткырылган. Дагы 12 адам амбулатордук дарыланууда.