Милиция кызматкерлерин тейлеген медиктер кесиптик майрамында сый-урматка бөлөндү

ИИМдин Медициналык башкармалыгынын кызматкерлери кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүштү

Кыргызстандын дарыгерлери жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде өздөрүнүн кесиптик майрамы – Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин күнүн белгилешет. Медицина кызматкерлеринин күнү 1992-жылы июлда «Элдин саламаттыгын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 8-июнундагы №253 токтому менен бекитилген.

WhatsApp Image 2022 07 01 at 13.26.49 Милиция кызматкерлерин тейлеген медиктер кесиптик майрамында сый-урматка бөлөндү


Медицина кызматкерлеринин күнүнө утурлай ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун буйругу менен ИИМдин Медицина башкармалыгынын бир катар дарыгерлери ИИМдин “Датка Айым” медалы, Ардак грамотасы жана ыраазычылык каты менен сыйланышты. Сыйлыктарды тапшыруу аземи Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгынын жыйындар залында өттү. ИИМдин Медициналык башкармалыгынын жетекчиси, ички кызматтын майору Индира Абдыгулова жалпы жамаатты келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, ден-соолук, иштерине ийгиликтерди жана ыраазы болгон бейтаптарды каалап, андан соң сыйлыктарды тапшырды.

WhatsApp Image 2022 07 01 at 13.26.49 1 Милиция кызматкерлерин тейлеген медиктер кесиптик майрамында сый-урматка бөлөндү
WhatsApp Image 2022 07 01 at 13.26.50 1 Милиция кызматкерлерин тейлеген медиктер кесиптик майрамында сый-урматка бөлөндү


«Датка айым» медалы Ольга Пилипенкого, Чынара Иманалиевага, Айнаш Кабаевага жана Гүляза Курманалиевага ыйгарылды. Миргүл Темирова менен Токтобүбү Акжолтоеванын эмгектери Ардак грамоталар менен белгиленди. Жеңишбек уулу Айбекке Ички иштер министрлигинин ыраазычылыгы жарыяланды.

WhatsApp Image 2022 07 01 at 13.26.48 1 Милиция кызматкерлерин тейлеген медиктер кесиптик майрамында сый-урматка бөлөндү


Ошондой эле, Ички аскерлердин командачылыгы тарабынан Чынара Иманалиева, Медер Калбаев, Эльдар Кулешев Ардак грамоталар менен сыйланышты. Өмүрбек Садыков менен Татьяна Гусельниковага “Мыкты кызмат үчүн” төш белгиси ыйгарылды.
Бул салтанат майрамдык фуршет менен аяктады.

WhatsApp Image 2022 07 01 at 13.26.50 Милиция кызматкерлерин тейлеген медиктер кесиптик майрамында сый-урматка бөлөндү


ИИМдин Басма сөз кызматы