35 адам ууланган «Ага-Ини» тез тамактануучу жайына 15 миң сом айып салынды

Жалал-Абаддагы 35 адам ууланган «Ага-Ини» тез тамактануучу жайына 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Окуя болгон жерге адистер барып, эпидемиологиялык иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Шаарда «Ага-Ини» тез тамактануучу жайынын эки эле филиалы бар экени маалым болду. Тамактануу жай хот-дог, шаурма, гамбургер бышырат. Алар убактылуу жабылды.

Белгиленгендей, адамдар ууланган тез тамактануучу жай бир бөлмөдөн турат. Объекттин жалпы санитардык-гигиеналык жана санитардык-техникалык абалы талапка жооп бербейт. Жалпысынан төрт кызматкер иштейт, алардын баарынын санитардык китептери, кийимдери жок.

Ачылган мыйзам бузуулардын натыйжасында тез тамактануучу жайдын ижарачысына жана ээсине 7,5 миң сомдон айып салынган. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Лабораториялык текшерүү үчүн жумушчулардын колунан чийки жана бышырылган эттин, фри картошканын, бадыраңдын, помидордун, чийки жумуртканын жана даяр соустун (курамы: сары май, чийки жумуртка) жана ашкана идиштеринен 20 жуунуунун үлгүлөрү алынган.

Белгилей кетсек, массалык уулануу фактысы боюнча милиция дагы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.