Өлкө башчы ата мекендик ишкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, өлкөнүн Салык кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө ата мекендик ишкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

291442684 5311580245555275 8802760895774968329 n 1536x973 1 Өлкө башчы ата мекендик ишкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тийиштүү Жарлыкка мамлекет башчысы кол койгон.

Алсак, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоого олуттуу салым кошкондугу үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды:

“Atalyk Group” (“Аталык Групп”) жабык акционердик коому;

“БИОВИТ” жоопкерчилиги чектелген коому;

“ТЕКСТИЛЬ ТРАНС” (TEXTILE TRANS) жоопкерчилиги чектелген коому.

Мындан тышкары, Кыргызстанды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө, бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга кошкон олуттуу салымы үчүн бир катар ишкерлерге президенттин атынан алкыш жарыяланды. Алар:

Эгембердиев Кайрат Таабалдыевич – “Шоро” жабык акционердик коомунун башкы директору;

Шалюта Александр Васильевич – “КаиндыКант” ачык акционердик коомунун башкы директору;

Ирсалиев Нияз Рахатбекович – “Тегирменти Гидроэлектростанциялары” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

Кокоев Кайрат Абдилбаитович – “Кыргыз каганат” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

Капаров Санжар Нуралиевич – “Кант ТШП” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

Акаев Канатбек Ергешбаевич –“БАРБОЛ” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.