Кундузбек Сулайманов Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун башчысынын кыргыз тилин билбегенин сынга алды

Жогорку Кеңештин бүгүн, 30-июндагы жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун башчысы Елена Калашникованын кыргыз тилин билбегенин сынга алды.

“Бул жакта канча жылдан бери жашайсыз?”, — деп сурады депутат.

Елена Калашникова өз кезегинде “25 жыл” деп жооп берди.

“Эне үчүн азыркыга чейин кыргыз тилинде саламдашканды дагы билбейсиз? Кечээки күнкү сөзүңүздө сиздин кыргызча саламдашууну дагы билбей турганыңыз көрүнүп турат. Анан сиз туризмди өнүктүрөм деп жатасызбы?”, — деди депутат.

“Мен Кыргызстанды чет өлкөлөргө тааныткым келет. Ал эми тилди үйрөнүү, эгер керек болсо, үйрөнөм”, — деди Елена Калашникова.

“Ушундай кызматты ээлеп туруп, кыргыз тилин билбегениңиз уят. Мен азыр кыргыз тилинде сизге суроо берсем, сиз түшүнбөйсүз жана жооп бере албайсыз. Мен аны билип турам. Биз эл өкүлү катары сизге айтып коюшубуз керек. Бул сиз үчүн чоң минус”, — деди депутат.