Милициянын көчмө кабылдамасы суу кырсыктарына бөгөт коюуга кызмат кылууда

Бүгүн, 30-июнь күнү Бакай-Ата РИИБдин милициянын көчмө кабылдамасы менен жетекчилик жана кызматкерлерден турган топ болуп Бакай-Ата районунун Боо-Терек, Өзгөрүш, Ак-Дөбө, Наматбек айылдарында жайгашкан БСРде, көлмөлөрдө жана агын сууларда эс алууга чыккан жарандарга сууга түшүүдөгү коопсуздук боюнча суу кырсыктарынын алдын алуу иштерин жүргүзүштү.

Сууга түшүүдөгү кооптуу жерлер кыдырылып, коопсуздук эрежелерин айтышты.

WhatsApp Image 2022 06 30 at 14.04.26 Милициянын көчмө кабылдамасы суу кырсыктарына бөгөт коюуга кызмат кылууда

Андан тышкары, эс алууга шарт түзгөн боз үй, тапчан ээлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аларды дагы кырсыктарды болтурбоо максатында профилактикалык иштерге жардам берүүсүн, өзгөчө жаш өспүрүм балдарга көңүл буруусун өтүнүштү.

Балдары менен кошо сууга түшүүгө келген ата-энелерге өтө кылдаттык менен мамиле кылууну жана балдары үчүн алар жооптуу экендигин эскертишти. Бир гана суу эмес, этиятсыз кыймыл аракеттен башка дагы кырсыктардан оолак болуу керектиги түшүндүрүлдү.

WhatsApp Image 2022 06 30 at 14.04.26 1 Милициянын көчмө кабылдамасы суу кырсыктарына бөгөт коюуга кызмат кылууда

Талас ОИИБдин басма сөз кызматы