Кумарканалардын зыянын анда он беш жыл иштеген адам айтып берет: Бекер алкоголдук ичимдик, тамак-аш жана тамеки…

Жакында эле өлкөдө кумарканаларды ачуу тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жыйынынында колдоо таап, президенке жиберилди.

Мындай мыйзамга коомчулуктун көпчүлүгү каршы пикирин билдирүүдө.

Кумаркана ачуу менен өлкө кандай жагдайга туш болоору тууралуу «фейсбук» колдонуучусу Эльмира Мадиева, ага казинодо иштеген кыздын катын жарыялады.

izobrazhenie 2022 06 28 091254995 1024x578 1 Кумарканалардын зыянын анда он беш жыл иштеген адам айтып берет: Бекер алкоголдук ичимдик, тамак-аш жана тамеки...

Текстин өзгөртүүсүз беребиз:


Казинодо 15 жыл иштеп, ичинен билген киши катары кумарканалардын зыянын тизмектеп кетейин:

  1. Казиного көпчүлүк учурда жаштарды, өзгөчө студенттерди жумушка алышат. Анткени аз айлыкка, социалдык жана салык төлөмдөрүн бербей иштетүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Көбүнчө ошол жерде иштеген жаштар башка казинолорго барып ойноп, өздөрү да казино жиндисине айланат.
    2.Акчасын уттурган казино кардарлары дилерди ашатып сөгөт, кол көтөрөт жана жадагалса тапанча менен аткан учурлар болгон. Укук коргоо органдарына кайрылуудан пайда жок, анткени дал ошолор кумарканаларды калкалайт. Казинодо иштеген дилер же кароолчу майып болуп талаада калат же болбосо бейажал өлөт.
  2. Казинону ар дайым уюшкан кылмыштуу топтор колдоп-кубаттайт, анткени ал жердеги нерселерди мыйзам жолу менен чечүү мүмкүн эмес.
  3. Казинодо утуп чыгуу мүмкүн эмес. Ар бир кардарды тизмеге жазып, тыкыр көзөмөлгө алышат. Башкача айтканда эгер утса да, бүгүн 1 сом берип, эртең 100 сомун тартып алуу жагы каралган.
  4. Бекер алкоголдук ичимдик, тамак-аш жана тамеки менен казиного келген адамга ыңгайлуу шарт түзүлөт. Кумарпоз аз гана болгон текин нерсеге кызыгып, акчасын алдырганын да байкабай калат.
  5. Караңгылатылган пардалар, илинген сааттын жоктугу казинонун негизги фишкасы. Казиного келген адам убакыттын эсебин билбей калат жана эч нерсеге алаксыбай ойнойт.
  6. Кайра оюнду улантуу максатында эс алып алуу үчүн атайын бөлмөлөр даярдалган.
  7. Дилерлердин арасында «мандёр» деп аталган атайын бир каста бар. Алар сиз картаны түрткөнүңүзгө карабай, сизге стрит, ал эми өзүнө флэш чыгарып коёт.
  8. Казино болбогон эле бир өлчөмдөгү салык төлөйт. Болбосо кээ бир күнү казино 100 000 $ киреше табат.
  9. Мыйзам тарабынан акчасын уттургандар жана алардын жакындары корголгон эмес жана эч кимге эч нерсени далилдей албайсың.
  10. Казинодо атайын утулгандарга берилчү кредиттик система бар. Менин тажрыйбамда бир жаш жигит акчасын уттуруп, машинесин күрөөгө коюп казинодон акча алган жана аны да уттурган. Көп өтпөй үч бөлмөлүү үйүнүн документтерин 11 миң $ баалап, аны да жок кылган.
  11. Казинодо үшунча жыл иштедим жана каржысын тескеп, бир да адамдын казинодон жыргап кеткенин көргөн жокмун.

Бул эми кээ бир мен байкаган эле нерселер. Калган тыянакты өзүңөр чыгаргыла.