Ноокен районунда турак үй күйүп, бир адам каза болду

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда турак үй күйүп кетти. Кырсыктан бир адам каза болгонун ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришет.


Маалыматта Коминтерн айылындагы турак үйлөрдүн биринде 27-июнда өрт чыкканы кабарланат. Кырсыктын кесепетинен үй толугу менен күйүп, 1973-жылы туулган А.Н. аттуу жарандын сөөгү табылды.


Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатканын кошумчалашты аталган мекемеден.