Бишкектеги имаратка залкар манасчы Саякбай Каралаевдин сүрөтү тартылды

“Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасындагы имараттардын дубалдарынын бирине залкар манасчы Саякбай Каралаевдин сүрөтү тартылып жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Сүрөттү чебер сүрөтчү Таштанбек Ибраимов тартууда. Сүрөт жеке демөөрчүнүн, тактап айтканда Саякбай Каралаевдин небереси Алмаз Тиленовдун каржылоосу менен тартылууда.

XX кылымдын Гомери аталган улуу манасчы Саякбай Каралаев 1894-жылы Кыргызстандын азыркы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Өлөң жергесинде жарык дүйнөгө келген.

Каралаев кыргыз маданиятын өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн үч жолу “Эмгек Кызыл Туу” жана “Ардак белгиси” ордендери, Ата Мекендик согуштагы каармандыгы үчүн медалы менен сыйланган. 1939-жылы Кыргыз СССРинин эл артисти деген наам берилген.

Кыргыз элине көөнөрбөс мурас калтырган улуу манасчы Саякбай Каралаев 1971-жылы 7-майда дүйнөдөн кайткан.