Еврейлердин жеке мектеби Бишкек мэриясын сотко берди

Еврейлердин жеке мектеби Бишкек мэриясын имаратты бошотуу боюнча билдирүү тараткандан кийин сотко кайрылган. Бул тууралуу БГКнын жыйынында борбор калаанын вице-мэри Нурдан Орунтаев билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө билим берүү мекемеси имаратты иш жүзүндө колдонгону үчүн гана төлөп жатат, ижара акысы жок.

Нурдан Орунтаев акыркы чечим соттук териштирүүлөрдөн кийин кабыл алынарын кошумчалады.

Эске сала кетсек, буга чейин «Биздин укук» фондунун өтүнүчү менен еврей мектебине коммуналдык төлөмдөргө 100% жеңилдик берилбей, муниципалитет имаратты бошотуу боюнча кат жөнөткөн.