Элчи Актилек Мусаева Си Цзиньпинге ишеним грамоталарын тапшырды

2023-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчиси Актилек Мусаева, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго салам жолдоду. Өз кезегинде Элчи Актилек Мусаева Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан салам жолдоп, кыргыз тарап жакшы коңшулаштыкты, достукту жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Салтанаттын соңунда Си Цзиньпин Кытай Өкмөтү Элчи А.Мусаеванын ишинде ыңгайлуулуктарды түзүп, колдоо көрсөтөрүнө ишендирди жана ал Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жигердүү салым кошорун белгиледи.