Си Цзиньпин Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады

Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин Президент Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине Жаңы жылы менен куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин билдирген куттуктоо кат жолдогон.