Акбөкөн Таштанбековго белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырылды

Бүгүн, 31-декабрда, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын каттоо жөнүндө” (бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча) КР БШКнын токтомунун негизинде № 30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Таштанбеков Акбөкөн Дукеновичке белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырды.

№30 Ысык-Ата округунан көп добуш алган Акбөкөн Таштанбековду атайын кызмат улуттар аралык кастыкты козутууга айыптап камакка алган. БШКдан сот чечими чыга электигин, андыктан Таштанбековду депутат кылып каттоого тоскоолдук жок болуп чыгып, жыл алдында ага ырастама тийди.

Эске салсак, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын 18-декабрга чейин чыгарышы керек. Парламенттин курамы 54 партиядан, 36 бир мандатуу округдардан шайланып келген 90 депутаттан турат.