Фарходбек Алимжановдун доо арызы сотто каралат

Депутаттык мандатынан ажыратылган Фархат Исмаиловдун Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча арызы Бишкек шаардык административдик сотунда кечээ, 17-июлда каралып, алдын ала угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчи соттук отурум 3-августта болот. Ал эми экинчи эл өкүл  Фарходбек Алимжановдун доо арызы бүгүн, 18-июлда саат 14:00дө каралат.

Буга чейин, Борбордук шайлоо комиссиясы  Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов “Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы»  менен Фарходбек Алимжановду «Альянс» 6-июлда мандатынан ажыраткан.