Ленин районунун мурдагы акими депутаттыка талапкерлигин көрсөттү

Ленин районунун мурдагы акими Русланбек Тагаев №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан талапкерлигин койду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2023-жылдын 10-августунда аяктайт.

Учурда шайлоого катышуу арызын бергендердин саны 11ге жетти.

Шайлоо ушул жылдын 10-сентябрына белгиленген.

Ленин району боюнча шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз менен кайрылгандар:

  1. Эртай Искаков
  2. Аскар Алмаз уулу
  3. Эркин Бөлөкбаев
  4. Роман Ремнев
  5. Турсунбай Бакир уулу
  6. Куттубек Асылбеков
  7. Назарбек Нышанов
  8. Сулайман Мамаев
  9. Токтогул Какчекеев
  10. Жаныбек Абиров
  11. Русланбек Тагаев

Эскерте кетсек, Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт. Аны өткөрүүгө бюджеттен 13 млн 208,8 миң сом кетет.