Өмүрбек Бакировду Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныган чечимдер жокко чыгарылды

Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы жокко чыкты. Бул шаардык соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Бишкектин Административдик соту 7-июнда кабыл алган. Ага ылайык, БШКнын аталган округда шайлоо өткөнү тууралуу жана Өмүрбек Бакировду Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныган чечимдери дагы жокко чыгарылды.

Ал эми депутат Өмүрбек Бакиров бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

2021-жылдагы парламенттик шайлоодогу талапкерлердин бири Равшанбек Рысбаев ушул округдан шайланган депутат Өмүрбек Бакировдун мандатын жокко чыгарууга байланыштуу сотко арызданган.

Эске салсак, Жогорку Кеңешке өткөн аралаш системадагы шайлоодо Өмүрбек Бакиров Ош облусундагы Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар шайлоо округунан парламентке депутат болуп шайланган. Жарышта жалпы жети талапкер, анын ичинде экс-депутат Равшанбек Рысбаев да болгон.

Равшанбек Рысбаев шайлоо өткөндөн бир жылдан соң 2022-жылдын декабрында сотко кайрылып, Өмүрбек Бакиров саясий жарышта добуш сатып алганын билдирген жана анын мандатын жокко чыгарууну талап кылган.