Депутат Өмүрбек Бакиров мандатынан ажыратылышы мүмкүн

7-июнда Бишкек шаарынын административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Көк-Жар бир мандаттуу округундагы Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо боюнча чечимин мыйзамсыз деп тапты.

Сотко Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Р.Р.нын ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.А.Б. кайрылган. Ал БШКнын шайлоону таануу жөнүндө чечимин жокко чыгарууну суранган.

Сот Ж.А.Б.нын өтүнүч канааттандырып, Көк-Жар округундагы шайлоону жана Өмүрбек Бакировду Жогорку Кеңештин депутаты деп таануу жөнүндө чечимди жокко чыгарды.

Тараптар бул чечимдин үстүнөн 30 күндүн ичинде даттанса болот.

2021-жылы ноябрь айында Көк-Жар округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан Өмүрбек Бакировдун штаб башчысына шайлоочулардын добушун сатып алуу беренеси менен айып тагылган.

БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров Ноокат РИИБге Бакиров боюнча кайрылуу болгонун, алдын ала маалымат боюнча, Бакировдун өкүлдөрү Жаңы-Ноокат айылынын үйүнө 30 тонна цемент түшүрүп бергенин билдирген.

Ошол кезде БШК бул маселеге көңүл бурган эмес жана милициядан толук мааалымат берүүнү суранган.

Бакиров боюнча маселени шайлоо өткөндөн кийин сотко чейинки өндүрүш ишинин жыйынтыгында кароо пландалган.

Көк-Жар округундагы шайлоодо 7 адам талапкерлигин көрсөткөн.