Базар-Коргон шаарында жаңы жылдык балаты күйүп кетти

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында жаңы жылдык балаты күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 05:44 Базар-Коргон шаарында жаңы-жылга карата орнотулган балаты өрттөнүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Жерине №78 ӨКБнүн бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, күйгөн балаты 05:49 чектөөгө алынып, толук 05:52 өчүрүлдү.

Майрамга карата кооздолуп жасалган балатынын 30 пайызы күйгөндүгү аныкталып, учурда калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.