Президент Александр Волкодавды куттуктады

Президент Садыр Жапаров Орусиянын Биринчи телеканалында өткөн “Голос” музыкалык сынагында жеңүүчү болгон кыргызстандык ырчы Александр Волкодавды куттуктады. Өлкө башчысы куттуктоосун Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Мекендешибиз сынактын бардык баскычтарын ийгиликтүү өтүп, мыктынын мыктысы экенин далилдеди. Мекендештерибиздин арасында Кыргызстандын даңкын өлкө сыртына да даңазалаган таланттуу жаштар бар экенине абдан сыймыктанабыз. Александрдын жеңиши биз үчүн жаңы жылдык эң сонун белек болду. Ага мындан ары дагы албан-албан ийгиликтерди, чоң-чоң жетишкендиктер менен жеңиштерди каалайм», — деген президент.

30-декабрда Орусиянын Биринчи телеканалында өткөн “Голос” музыкалык сынагында кыргызстандык ырчы Александр Волкодав жеңүүчү болгон.