Базар-Коргон шаарынын экс-мэри кылмышка шектелүүдө

Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан Базар-Коргон шаардык мэриясында текшерүү жүргүзүлүп, 2021-2022-жылдары жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактылары аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен Базар-Коргон шаарынын мурдагы мэри Т.И.А. КЖКнин 337-беренесинде жана 346-беренесинде (“Кызматтык жасалмачылык”) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен айыбы угузулуп, Базар-Коргон райондук сотуна негизинен кароо үчүн жиберилген.