Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу Өзбекстанга өтөт

Түрк мамлекеттер уюмунун 10-11-ноябрь күндөрү Самарканд шаарында өтө турган саммитинде уюмга төрагалык кылуу Өзбекстанга өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин Аймактык уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Рахматилла Нуримбетов билдирди.

Анын айтымында, саммиттин күн тартибине соода мамилелерин өнүктүрүү, бажы тейлөөсүнө байланышкан процесстерди жеңилдетүү жана кошумча транспорттук коридорлорду уюштуруу маселелери кирди. Саммиттин соңунда жыйынтыктоочу документ катары Самарканд декларациясы кабыл алынат.

Сентябрдын аягында Түркиянын тышкы иштер министри Мавлуд Чавушоглу Түркмөнстан Түрк мамлекеттеринин уюмуна толук кандуу мүчө болуп кирерин билдирген. Бирок ал бул маселе уюмдун Самарканддагы саммитинин күн тартибине кирер-кирбесин айткан эмес.

Түрк мамлекеттеринин уюму 2009-жылы октябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши (Түрк кеңеши) катары түзүлүп, курамына Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия кирген.

Өзбекстан уюмга кирүү ниетин 2018-жылы билдирип, 2019-жылы Баку шаарында өткөн саммитте кабыл алынган.

2021-жылы ноябрда Стамбулда өткөн саммитте Түрк кеңешинин аталышы Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүлгөн.