Бишкекте маршруттун айдоочусу жигитти сүзүп алып, ооруканага жеткирем деп алдап кеткен

 Жол кырсыгы кечээ саат 11:30 чамаларында Патриса Лумумбы жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.

Маршрутканын айдоочусу тасмада көрүнүп тургандай жигиттин сүзүп алып, андан кийин ал аны ооруканага жеткирем деп унаага салып, орто жолдон таштап кеткен.

Учурда айдоочу изделип жатат, ал эми жабырлануучу ооруканага жаткырылды.