“Пранк тартканбыз”. БМВнын айнегин сындыра тепкен жигит кечирим сурады

Милиция тарабынан унаага чыгып, алдыңкы айнегин сындыра тепкен жигиттин аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.


Буга чейин соцтармакта жигиттин унаага чыгып, алдыңкы айнегин сындыра тепкен видеосу тараган. Факты ОИИБге каттоого алынып, аталган окуяга 1999 жана 2004-жылы туулган жигиттердин катыштыгы бар экени аныкталды.

Алар сурак учурунда пранк экенин айтышкан. Жигиттер кылыгы үчүн кечирим сурашты

MyCollages 23 "Пранк тартканбыз". БМВнын айнегин сындыра тепкен жигит кечирим сурады