Манас Мураталиев: Инвесторлордун иштөө шарттарын жеңилдетүүчү мыйзам долбоорлору даярдалууда

Бүгүн, 24-июнда «Бишкек» эркин Экономикалык Аймагынын жетекчисинин орун басары Манас Мураталиев Bulak.kg сайтынын суроолоруна жооп берип, акыркы жылдарда түшкөн каражат жана аткарылып жаткан иштер тууралуу маек берди.

Акыркы эки жылда кандай жаңы ишканалар ачылды?

Акыркы эки жылда “Бишкек” эркин Экономикалык Аймагында төмөндөгү ишканалар ачылды:

1.”Кыргыз Кашемир” ЖЧКсы тыбыт жүнүн иштеттүү боюнча ишкана жабдыктарын орнотуп, Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүү максатында, жергиликтүү малдын жүнүнөн тыбыт чыгаруу өндүрүшүн баштады. Бир жылда орто эсеп менен 100 тонна кымбат баалуу тыбыт чыгаруусу белгиленүүдө.  

Чыгарылган продукция негизинен чет мамлекеттерге экпорттолуусу белгиленген. Жалпы инвестициясынын көлөмү 80 млн сомду түзөт.

2.”Жибек Жолу экспорттук – импорттук компаниясы” ЖЧКсы синтетикалык жүндөн жип ийрип, өлкөдө текстиль, жеңил өнөр жай өндүрүшүнө абдан керектүү флизелин жана дублерин материалдарын иштеп чыгуучу ишкана курду. Жалпы инвестициясынын көлөмү 94 млн сомду түзөт.

3.”Лонгстар” ЖЧКсы пластикалык чемодандарды чыгаруучу ишкана курган. 2017-жылы катталып, кичине өндүрүштөн баштап бүгүнкү күндө заманбап жабдыктар менен экспортко иштөөгө багытталган ишкана. Айына 6 миң даана чемодан чыгара алат. Жалпы инвестициясынын көлөмү 220 млн сомду чапчыйт.

4.”Нешнл Стайл” ЖЧКсы  синтетикалык жүндөн кийиз чыгаруучу ишкана, анын продукциясы ички рынокто жана жакынкы мамлекеттерде керектелүүдө. Айына 45 тонна даяр кийиз иштеп чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Жалпы инвестициясынын көлөмү 25 млн сомду түзөт.

 Андан тышкары “Азиятон” ЖЧКсы кургак боекторду чыгаруучу ишкана курууда. Чыгарылган продукциянын негизги көлөмү экспортко багытталган.

Ишкана бир жылда 100 миң тонна боек чыгарып, жалпы салынуучу инвестициясынын көлөмү 110 млн сом деп белгиленген.

Азыркы күндө түзүлгөн шарттар боюнча айтсаңыз?

Бүгүнкү күндө Ак-Чий аймагында Башкы дирекциянын каражатына кубаттуулугу 16 Мвт 35/10 Кв “Ак-Чий” трансформатордук подстанциясы жана аба менен келүүчү узундугу 7571 метрлик ВЛЗ -35 линиясы курулган. Долбоордун жалпы баасы 48 млн. сомду түзүп, ишкерлерге жакшы шарттарды түзүүгө чоң көмөк көргөзөт.

Кара-Балта аймагында электр кубаттулугун көбөйтүү максатында 7 млн сомдук долбоор каралып ВЛЗ-10 Кв кууруга техникалык талаптар алынган.

Ал эми, НВЦ аймагында ишкерлерди электр кубаттуулугу менен толук камсыздоо үчүн 2-КЛ- 10 Кв белгиленген. Бүгүнкү күндө долбоор мамлекеттик экспертизадан өтүүдө.

2021-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин ишкердиктен түшкөн каражат канча?

2021-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин субъектилердин ишкерлигинен салык  жана бажы төлөмдөрү боюнча 1 млрд. 730 млн.сом төлөнгөн. Андан тышкары социалдык камсыздоо боюнча 180 млн. сом төлөнгөн. Жалпы төлөмдөр 1млрд. 911 млн. сомду түзгөн.

Эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү багытында кандай иштер болууда?

Азыркы учурда мамлекеттик агенттик менен биргеликте эркин экономикалык аймактарда иш алып баруу мыйзамдарына толуктоолор жана өзгөрүүлөр киргизилип, жалпы ЭЭАнын стратегиясы  даярдалууда.2028 –жылкыга чейинки каралып жаткан стратегияда дүйнөлүк экономикалык талаптарга жалпы өнүгүүгө шайкеш келген багыттар коюлууда. Киргизилүүчү өзгөрүүлөрдүн баардыгы ишкерлерди, инвесторлордун иштөө шарттарын женилдетүүгө багытталган.