Айыпталуучу Жанышов Бекболго карата Ала-Бука РИИБдин кызматкерлери тарабынан кыйноолор болгон эмес

Бул тууралуу Булак.кж редакциясына Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 23-июнь күнү саат 14:00 чамасында Ала-Бука райондук сотунун судьясы К.А.Батыралиевдин 26.04.2022-жылдагы өндүрүшкө кабыл алуу жана соттук отурумду дайындоо токтомунун негизинде Ала-Бука РИИБне Кыргыз Республикасынын КЖКнин 202-бер. 3-б. 1,2,3-п.п. (2017-ж. ред. – Каракчылык), Кыргыз Республикасынын КЖКнин 216-бер. 1-б. ( мүлктү атайылап жок кылуу) жана Кыргыз Республикасынын КЖКнин 211-бер. 2-б. 2,3-п.п. (автоунаа каражатын мыйзамсыз айдап качуу) менен айыпталып жаткан Ала-Бука районунун тургуну 1994-жылы туулган Жанышов Бекбол Ош шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №25 мекемесинен Жалал-Абад ОИИБдин кылмышкерлерди коштоп жүрүү тобу тарабынан алынып келинип, Ала-Бука РИИБдин УКЖна кирзилген учурда “Мен шериктерим менен отурушум керек, мени ошолор отурган камерага киргизгиле,”-деп талап коюп, өзү кийип жүргөн спорт шымы менен үстүндөгү спорт костюмундагы боону чечүү боюнча мыйзамдуу  талаптарга баш ийбей, ар кандай шылтоолорду айтып, УКЖнын камерасынын “кормушкасынын” жанына келип колун “кормушкага”  сунуп, УКЖнын №1 камерасына киргизгенге аракет кылган учурда ал мыйзамдуу талаптарга баш ийбей,  өзүн агресивдүү абалда милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп,  коридордун дубалдарын жана эшиктерин тээп жаткандыктан 25.07.2019-жылдагы Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө 102 мыйзамынын талаптарына ылайык – мажбурлап  УКЖнын №1 камерасына киргизилди.


Аталган факты 23.06.2022-жылы  Ала-Бука РИИБдин  МЭЖне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Жанышов Бекболго карата Ала-Бука РИИБдин кызматкерлери тарабынан кыйноолор болгон эместигин жана кызматкерлер мыйзам талабында кызматтарын өтөгөндүгүн белгилейбиз.