Эркек киши карызы үчүн жаранды бычак менен сайып жиберген

Кара-Суу районунда эркек киши карызы үчүн жаранды бычак менен сайып жиберген. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 23-июнда Кара-Суу райондук милициясына Кенжекул айылынан Кара-Суу райондук ооруканасына белгисиз жаран каза болгон абалда алып келингени боюнча маалымат түшкөн.


Аталган факт маалыматтардын электрондук журналына катталып, алгачкы текшерүү иштери башталган.


Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, 23-июнда саат 15:30дар чамасында Кенжекул айылында 26 жаштагы С.Ж. менен 36 жаштагы У.А., аттуу жарандардын ортосунда карыз акча боюнча пикир келишпестиктен оозеки кайым айтышуу болгондугун, андан соң С.Ж. бычак менен У.А. аттуу жарандын денесине бир нече жолу сайып жибергендигин аныктаган.
Натыйжада У.А. алган жаратынан ооруканага жетпей каза болгон.


Текшерүүнүн жүрүшүндө маркумдун денесине кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.


Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренесинин негизинде иш козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү С.Ж. кармалып, Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.