Кошуна өлкөлөрдө жана Кыргызстанда маймыл чечеги менен ооругандар катталган жок, – департамент

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандын аймагында жана коңшу өлкөлөрдө маймыл чечеги менен ооругандар катталган жок. Бул тууралу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан маймыл чечегин алдын алуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлүүдө.

Ошондой эле медициналык кызматкерлердин арасында кызамык жана дене табынын кескин көтөрүлүүсү, оорунун учурларын аныктоо боюнча дарыгерлердин кесипкөйлүгүн көтөрүүчү окутуулар өткөрүлүүдө.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму азырынча пандемия жарыялоого коркунуч жок деп маалымдады.