6 адамды басып калган жүк ташуучу унаа маршруткадан качам деген, – күбө

Ошто 6 адамды басып калган жүк ташуучу унааны чыгаруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Токтогул Чекиров билдирди.

Анын айтымында,  кырсык тууралуу билдирүү саат 08:27де түшкөн.

“HOWO” үлгүсүндөгү көмүр жүктөгөн чоң унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Ал жолдун четинде турган 4 адамды сүзүп кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар тартылып, 4 жарандын бөлүктөрү чыгарылган. Алар экспертизага жиберилди. Учурда унааны чыгаруу жана кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат”, — деди Чекиров.

Кара-Суу районунун Жаңы-Кыштак айыл аймагынын башчысы Умидулло Нурмурзаев күбөлөрдүн айтымына таянып, жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калганын билдирди.

“Чоң жүк ташуучу унаа капталында кетип бара жаткан кичи автобустан ашып өтөм деп  оодарылып кеткен. Анын кесепетинен жолдун четинде турган адамдарды сүзүп кеткен”, — деди ал.

Буга чейин ӨКМ маалымдагандай, оодарылган жүк ташуучу унаа 6 адамды басып калган, алардын бири ымыркай болгон.