УКТ мүчөсүнүн өлтүрүлүшү: Ош шаарынын мэринин билдирүүсү

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов 13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө болгон окуя боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилери менен ыкчам жыйын өткөрдү.

Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мэр коомчулукта чоң нааразылык жараткан бул кылмышка өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

«Мыйзамсыздыкты токтоткула. Бул чыныгы жырткычтык. Тиешелүү социалдык-профилактикалык иш-чараларды күчөтүү керек. Мыйзам сакталышы керек, бардык күнөөлүүлөр мыйзамдын чегинде катуу жазага тартылышы шарт. Мындай кылмыштуулук башка кайталанбашы керек», — деп белгиледи шаар башчы.

Укук коргоо органдарынын жетекчилери жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча тиешелүү маалыматтарды беришти.

Эскерте кетсек, 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү киши колдуу болгон. Дагы бирөө реанимацияга жаткырылган. Аталган эки жаран жана аларга кол салган адамдар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болушат.

Бул окуяга байланыштуу кылмыштын уюштуруучусу катары «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов кармалган. Ал эми кылмышка түздөн түз катыштыгы бар үч адам издөөгө алынган.