Ош шаарында таза суу маселесин чечүү үчүн 250 млн сом бөлүнүүдө

Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Ош шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу» программасынын алкагында тиешелүү курулмаларды, куурларды салуу үчун 250 млн сомго тендер жарыяланган.

Ош шаарынын плотинасына чейин сел каналдары бар болуп, алар аркылуу Ак-Буура дарыясы жаан-чачындуу мезгилде булгангандыктан, долбоордун алкагында диаметри 1000 мм болгон 2,4 чакырым суу линиясын тартуу пландалууда. Анын алкагындагы курулуш иштери 2 жылга созулат.

Мэриядан белгилешкендей, бул долбоор ишке ашкандан кийин шаардагы суу маселеси 70-80%га чечилет.

Бул долбоордун негизги максаты — нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкын мезгилинде да калаа тургундарын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу.