Ошто виза алып берем деп жарандарды миллион сомго чыгым келтирген жаран кармалды


2022-жылдын 20-июнь күнү Кара-Суу РИИБнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы “Экстремист” аталыштагы ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун аймагына караштуу Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан “Достук” чек ара пунктунда чет элдик жана Кыргыз Республикасынын жарандарына “Европа” өлкөлөрүнө виза алып беремин деп алдамчылык менен алектенип жүргөн жаран кармалды.


Аталган жаран Ош областынын Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагынын Киров айылынын 27 жаштагы тургуну Б.М. аттуу жарандын инсандыгы аныкталып, алдамчылык фактылары менен шектелип, Кара-Суу РИИБнин Убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Кылмышка шектүү өзүнүн кылмыштуу кыймыл аракети менен чет элдик жарандарга жана Кыргыз Республикасынын жарандарына жалпысынан 1 000 000 (бир миллион) сом материалдык жактан зыян келтирилген.
Азыркы учурда шектүү Б.М. аттуу жаранга карата Кыргыз Республикасынын КЖКнин 209-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Кара-Суу РИИБнин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 4 кылмыш иши катталып, тергөө иштери уланууда.
Мындан сырткары 6 материал маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Азыркы учурда, кылмышка шектүүнүн дарегине карата Өзбекстан жана Кыргызстан Республикасынын жарандары арыз менен кайрылган.
Бул жагдайга байланыштуу Тергөө кызматы эгерде ким аталган жарандан ишеничке кирип алдоо жолу менен зыянга учураган жарандарды тергөөгө келип арыз жазууга чакырат. (Байланыш учун тел: 0551 02-09-89)
Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы