Чолпон-Ата шаарында “Мен патриотмун” ураанынын астында армиянын кол кармашы боюнча эл аралык турнир өттү

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «Мен патриотмун” ураанынын астында армиянын кол кармашы боюнча эл аралык турнир өттү.

Маалым болгондой, турнир 1999-2021-жылдардагы Баткен окуясында курман болгондордун жаркын элесине арналды. Мелдешке күч жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты. Анын ичинде Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын «Омега» атайын багыттагы  отрядынын өкүлдөрү катышты.

Мелдеште төмөндөгү кызматкерлер байгелүү орундарга ээ болушту.

  • 65 кг салмактагы мелдеште 1-орунду, ички кызматтын капитаны Абдилманап кызы Бүбүсайра, “Омега” отрядынын инспектору;
  • 75 кг салмактагы мелдеште 3-орунду прапорщик Руслан Манасалиев, “Омега” нын жоокери;
  • 85 кг салмактагы мелдеште 3-орунду Акматбек уулу Эрлан, «Омега» жоокери;
  • 85 кг салмактагы мелдеште 3-орунду сержант Эрмек Кыдыбеков, «Омега»нын жоокери;
  • 90 кг салмактагы мелдеште 3-орунду улук прапорщик Билал уулу Эрлан,  «Омега» жоокери ээледи.

Жеңүүчүлөр медаль жана дипломдор менен сыйланышты.

4aa6f04e 9708 4966 a6b8 8cbce50809fb Чолпон-Ата шаарында "Мен патриотмун” ураанынын астында армиянын кол кармашы боюнча эл аралык турнир өттү
f12abeb2 84dd 4249 8298 9d7b11c72254 Чолпон-Ата шаарында "Мен патриотмун” ураанынын астында армиянын кол кармашы боюнча эл аралык турнир өттү