Айни көчөсүндөгү үйдүн короосунда балдар үчүн спорттук-оюн аянтча ачылды

Бишкек шаарындагы Айни көчөсүндөгү үйдүн короосунда балдар үчүн спорттук-оюн аянтча ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Салтанаттуу ачылышка Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачова, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Айбек Ашимов жана Ленин райондук акими Русланбек Тагаев катышты.

Келген коноктор балдарды жана жашоочуларды заманбап жана көп тармактуу оюн аянтчасынын ачылышы менен куттуктап, аларды жаңы аянтка аяр мамиле кылууга чакырды.

WhatsApp Image 2022 06 21 at 11.55.22 1 Айни көчөсүндөгү үйдүн короосунда балдар үчүн спорттук-оюн аянтча ачылды