Теңгиз Бөлтүрүк “Учкундагы” офисинен башка кеңсеге көчөрдө министрлер кабинети же президент менен макулдашкан эмес

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүк “Учкундагы” офисинен башка кеңсеге көчөрдө министрлер кабинети же президент менен макулдашкан эмес. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, ал башка офиске көчкөн себебин “Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги түзүлгөндүгүнө байланыштуу кызматкерлер эски кеңсеге батпай калгандыгы менен түшүндүргөн.

«Бир ай мурда бул окуя боюнча президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен териштирүү жүрүп, Теңгиз Бөлтүрүккө макулдашылбаган чечими үчүн эскертүү берилген.

Ошону менен бирге “Кумтөрдүн” гаражы жеке жактан мамлекеттик гаражга (мурдагы ЖК гаражына) көчүрүлдү. Эми мындан ары ижара акысы мамлекетке түшүп турат. Мурда ижара акысын жеке жактар алып турган. Ал эми азыркы офисинде убактылуу иштешет. Анткени холдингге жаңы офис курууга Бишкектен жер берилди (борбордун түштүк тарабынан). Бир жылдын ичинде жаңы офисин куруп бүтүп, ал жакка көчүп кирүү тапшырмасы коюлду»,-деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, «Ата-Журт-Кыргызстан» фракциясынан депутат Жеңишбек Токторбаев парламенттин 15-июндагы жыйынында дагы Финансы министрлигинин алдындагы «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясынын жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн Бишкектин борборунда кымбат баалуу офисте отурганын сындаган болчу.