Баткенде аялын мыкаачылык менен өлтүрүп, өзү асынып алган

2022-жылдын 19-июнунда, болжол менен таңкы саат 04:00 чамаларында Баткен облусундагы, Кадамжай шаарындагы Металлург көчөсүндө жайгашкан үйдө 1987-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран өзүнүн жолдошу менен өз ара пикир келишпей урушуп кетишкен. Жолдошу 1987-жылы туулган Б.Б. ашкана бычагы менен жубайы Н.Б.нын денесине бир нече жолу сайып,

лгөн жансыз денеси табылган.

Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Натыйжада кылмышка шектүү жолдошу Б.Б. Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагынын айылдарынын бириндеги бүтө элек үйүнө барып, үйдүн экинчи кабатында өзүн-өзү асып каза болгон жеринен табылган.

Жубайлардын артында 3 уулу жана 1 кызы калды.

Бул фактылар Кадамжай РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 7-пункту (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.