ИИМде Түштүк Кореянын Интерпол улуттук борборбук бюросунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 20-июнунда Ички иштер министрлигинин имаратында министрдин орун басары Суюнбек Ниязбеков менен Түштүк Кореянын Интерпол улуттук борборбук бюросунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол УББнун начальниги Нурлан Сагыналиев жана ИИМдин Криминалисттик кызматынын начальнигинин милдетин убактылуу аткаруучу Жаныбек Нурдинов катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө Интерполдун каналдары аркылуу кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо, виза маселесинде кылмыштуулуктун өсүшүнө каршы туруу, Кыргыз Республикасынын аймагында Корея Республикасынын жарандарына каршы жасалган кылмыштардын алдын алуу боюнча чаралар талкууланды.


Ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү, кылмышкерлерди издөө жана кармоо чөйрөсүндө күч-аракеттерди бириктирип, иштөө ыкмаларын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи. Ал Түштүк Кореянын Интерпол Улуттук борбордук бюросунун делегациясына иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле эл аралык киберкылмыштуулуктун жаңы чакырыктарына каршы турууда, ИИМдин кызматкерлерин IT-технологиялар чөйрөсүндө окутууда жана мындан аркы натыйжалуу кызматташууга ишеним билдирди.


Ошону менен бирге Ички иштер министрлиги бардык багыттар боюнча иш алып барууга даярдыгын билдирди.
Жолугушуу өз ара түшүнүшүү жана иштиктүү маанайда өттү.

WhatsApp Image 2022 06 21 at 13.36.58 ИИМде Түштүк Кореянын Интерпол улуттук борборбук бюросунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү