Айчүрөк Иманалиеванын уулу Арген Иманалиев каза болду

0
1101

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айчүрөк Иманалиеванын уулу Арген Иманалиев каза болду. Бул тууралуу маалыматты сахналаштары ырастады.

Маалыматка ылайык, Арген 21-июнга караган түнү каза болгон.

Белгилей кетсек, Айчүрөк Иманалиеванын улуу баласы Арген 35 жашта болгон.

Вulak.kg редакциясынын эмгек жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат, аза кайгысын тең бөлүшөт.