Камчыбек Ташиев: «Мен ушундай жоопкерчиликтүү кызматта турам, убактылуу четтетилгенге болбойт»

Cаясат талдоочу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия алгачкы жыйынын өткөрдү. Жыйынга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, маалымат берген. Жыйындан чыккандан кийин Камчыбек Ташиев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип, комиссия иш алып барып жатканда кызматтан убактылуу четтебей турганын билдирди.

«Мен ушундай жоопкерчиликтүү кызматта турам, убактылуу четтетилгенге болбойт», — деди Ташиев.

Ал ошондой эле комиссия мүмкүнчүлүк түзүп берүү боюнча өтүнүч келтиргенин айтты.

«Эртеңден баштап комиссия келет. Биз аларга бүт мүмкүнчүлүк, шарт түзүп беребиз»,- деди атайын кызматтын жетекчиси.

44 жаштагы Асанбаев 18-июнда түнкү саат бирге жакын атайын кызматтын тергөө абагында асынып турган абалда табылган. Ал коррупцияга шек саналып 30-апрелден бери камакта отурган.

56 жаштагы Казакпаев 9-июнда УКМКнын абагынан ооруканага эс-учун жоготкон абалда которулуп, эртеси көз жумган. Ал былтыр апрелде «мамлекетке чыккынчылык кылган» деген шек менен кармалган.

YouTube video