
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айчүрөк Иманалиеванын уулу Арген Иманалиев каза болду. Бул тууралуу маалыматты сахналаштары ырастады.
Маалыматка ылайык, Арген 21-июнга караган түнү каза болгон.
Белгилей кетсек, Айчүрөк Иманалиеванын улуу баласы Арген 35 жашта болгон.
Вulak.kg редакциясынын эмгек жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат, аза кайгысын тең бөлүшөт.
