Депутат Айбек Осмонов Эдил Байсаловго: “Депутаттар алдабайт, силер алдап келе жатасыңар, алдап келдиңер”

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Айбек Осмонов БУУнун баяндамасындагы маалыматка таянып, Кыргызстандагы жакырчылыкты жоюу деңгээли 25 пайыздан 38 пайызга чейин көбөйгөнүн айтып, Эдил Байсаловго суроо салып, себебине кызыкты.

Ага жооп берген Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары мындай учур өлкөдө катталбаганын жана бул маалымат туура эмес экенин айтты.

Байсаловдун жообуна нааразы болгон депутат, «Биз текшерилген гана маалыматтарды айтабыз, асмандан албайбыз. Биз так, даана, тастыктап, көрүп туруп анан силерге суроону беребиз. Депутаттар алдабайт, силер алдайсыңар. Алдап келе жатасыңар, алдап келдиңер. Силер келгенде 25% жакырчылык болсо 38 %га өстү, ошол боюнча иштегиле», — деди.