Эдил Байсаловго депутат Улан Бакасов: «Эсиңиз барда этегиңизди жыйыңыз»

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутаттарга кайрылып, сый мамиле кылууну талап кылып, суракка Жогорку Кеңешке келбегенин айтты.

«Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары катары мен жана ушул жерде олтурган жалпы кесиптештеримдин атынан сиздерге кайрылам. Урматтуу депутаттар, биз бул жакка силерге суракка келип… бир биз туткун эмеспиз, силер гестапонун офицерлери эмессиңер. Баарыбыз сылык сүйлөшөлү. Биз жогорку трибунага, Жогорку Кеңешке келдик. Ушул жерде келгиле элибизди сыйлайлы, министрлер кабинетин сыйлайлы», — деген пикирин айтты.

 Депутат Улан Бакасов менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун ортосунда пикир келишпестик орун алды.

Депутат Байсаловго карата «эсиңиз барда этегиңизди жыйыңыз» деп айтып, депутаттардын дарегине орой мамиле кылуудан алыс болууну жана этиканы сактоого чакырды.

YouTube video