Татьяна Зеленская бир түндө жандуу үнү менен атактуу болгон Бегимай Турусбекованын сүрөтүн тартты

Кыргызстандык сүрөтчү Татьяна Зеленская бир түндүн ичинде атактуу болуп, интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекованын сүрөтүн тартты. Бул тууралуу ал өзүнүн баракчасына сүрөттү жарыялады.

Татьяна Зеленская адам укугу жаатындагы иллюстрациялык эмгектерди жаратып келет. Ал ала качуу, айгүл гүлү, Баткендеги окуялар, Украинадагы кол салуу жана башка бир катар актуалдуу окуялар боюнча сүрөттөрдү жаратып келет.

Эске салсак, Бегимай Турусбекова Бишкектеги сейил бактардын биринин сахнасында дүйнөлүк хиттерди аткарып, мекендештерин вокалдык чеберчилиги менен суктандырган.