Дастан Жумабеков ректорду жамаат шайлашы керектигин белгилеп, министр Алмазбек Бейшеналиевди сындады

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинети жана депутат Улугбек Ормонов тарабынан демилгеленген “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору талкууланып жатат. Мыйзамга ылайык, “улуттук” макамы бар мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ректорлорун президент тарабынан, ал эми калган мамлекеттик жогорку окуу жайларды Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дайындоо сунушталууда.

Талкуу учурунда депутат Дастан Жумабеков жогорку окуу жайлардын ректорун жамаат шайлашы керектигин белгилеп, министр Алмазбек Бейшеналиевди сынга алды.

“Сиздер бул мыйзам долбоорун колдоп, депутат аркылуу киргизип жатасыздар. Каршы пикир деле айтып койсоңуздар болмок. Демек ректорду дайындаган сизге жагып жатат.

Студенттер мугалимдерди багып жатышат. Анткени алар студенттер төлөгөн контрактын негизинде айлык алышат. Ошондуктан окуу жайдын ректорун жамаат шайлашы керек. Сырттан башкаруу алып келүү туура эмес. Бул багытта демократиялык жолду көрсөткөн жоксуз”, — деди Дастан Жумабеков.