Профсоюздар федерациясынын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлөт

Профсоюздар федерациясынын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

Депутаттык комиссияны түзүүнү «Ата Журт Кыргызстан» жана «Ынтымак» партиялары демилгеленген.

Комиссиянын курамына кирген депутаттар:

  • Айбек Осмонов;
  • Чынгыз Ажибаев;
  • Руслан Жакышов;
  • Балбак Түлөбаев;
  • Алишер Эрбаев;
  • Нилуфар Алимжанова;
  • Замирбек Мамасадыков;
  • Шайлообек Атазов.