Прокурор Атамбаевди Калыс-Ордодогу мектеп боюнча айыптоодон баш тартты

Прокурор Атамбаевди Калыс-Ордодогу мектеп боюнча айыптоодон баш тартты. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, прокурор себепти айткан жок.

«Азыр судья чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетти. Түркиянын жарандарына да паспорт берүү процесси жүрүп жаткан. Алмазбек Атамбаев акыркы сөздөн жана талаш-тартыштан баш тартты. Буга байланыштуу Атамбаев залдан чыгарылды», — деди ал.